КТРКнын "Ала-Тоо" берүүсүнүн диктору Актилек Гүлжигит кызы жумуштан кеткени маалым болду. Коомдук каналдан кеткенин диктор SUPER.KG порталына төмөнкүдөй түшүндүрдү.
"Коомдук каналда 6 жылдай иштедим. Акыркы кезде иштин көлөмү 2-3 эсе көбөйүп, көп убактымды алып жатты. Бир чети айлыктын аздыгы да себеп болду. Анткени 3 бала менен кыйналып эле калат экенсиң. Ошондуктан жумуштан кетүү тууралуу арызымды жазып, сентябрь айынын аягында кеткем. Андан бери командабыз менен медиаборбор ачтык. Азыр ошол жаатта эмгектенип жатам", - дейт ал.