"Бир аткезчи 500 карышкырдын ролун ойнойт экен" деп бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.
"Аткезчилик жок эмес, ал бар. Бир эле нерсени карап көрсөк, борбордук базарлардын ичинде бир товар 50 сомдон сатылса, сырттагылар 25 сомдон сатышат. Алар товарды аткезчилерден алышат. Базардын сыртында соода менен алектенгендер шаардын ичин булгап жатышат. Карышкырлар менен аткезчилер бирдей эле экен да. Себеби бир аткезчи 500 карышкырдын ролун ойноп коёт экен. Уюшкан кылмыштуулук маселесин тийиштүү комитетте карап, канааттандырарлык деп баа бергенбиз", - дейт Камчыбек Жолдошбаев.