Кыргыз-Мьянма беттеши боюнча ФИФАнын Дисциплинардык комитетинин чечими чыкты

Бишкекте 10-октябрда өткөн Кыргыз-Мьянма беттеши боюнча ФИФАнын Дисциплинардык комитетинин чечими чыкты. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдирет.

Аталган оюндун 2-таймында күйөрман футбол талаасына чуркап чыгып, оюн бир канча мүнөткө токтотулган.

ФИФА бул чечимди чыгарарда төмөнкү жагдайларга көңүл бурган:

- Оюн комиссары жана коопсуздук офицеринин беттешти уюштуруу боюнча оң комментарийи;

- Кийинки оюндардагы (Кыргыз - Япония, Кыргыз - Тажикстан) коопсуздуктун күчөтүлүшү;

- Футбол федерациясынын уюштуруу комитетинин жана башка түзүмдөрүнүн жогорку профессионалдуулугу;

- Футбол федерациясынын жетекчилигинин бул окуя боюнча жеңил жаза берүү өтүнүчү менен кайрылуусу.

Мындан улам ФИФАнын Дисциплинардык комитети келечекте өз үйүндө футбол беттешин кабыл алууда мындай эреже бузуулар кайталанбасын деп жазуу түрүндө эскертүү берди.

ФИФА бул окуя боюнча Футбол федерациясына акчалай айып, оюндарды күйөрмандарсыз өткөрүү же башка өлкөдө өткөрүү жазасын берип коюшу мүмкүн эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
murat17
2019-12-05 17:47:35
жакшы
+9
Aimani
2019-12-05 18:05:46
Иии. Жакшы болуптур. Кудай сактады
+9
arnal78
2019-12-05 18:29:36
Тартип бузган куйорман сорой жазасыз калбашы керек.Катуу жазаланып ММКнан кенири маалымат берилсе мындай нерсе кайталанбайт.
+8
Boha1
2019-12-05 19:05:08
дагы жакшы катуу жаза берилбептир, ( акчалай)
+6
aerforce
2019-12-05 22:43:38
Чуркагандын чучугун чагыш керек эле
+1
mirkaa5182
2019-12-05 23:27:27
Жакшы чечим чыгарыптыр, өзүбүз араң футбол алдыга чыгып келе жатканда.
+1
Tyty1990
2019-12-06 08:10:52
Садага болоюн деп башыбыздан сылагандай болуптур. Рахмат ФИФАга
+2
Azizbek_Musabekovich
2019-12-06 10:59:38
жакшы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан