Бишкекте унаа айдап бара жатканда асманга карай ок аткан унаанын айдоочусу кармалды

Бишкектин Түштүк магистралы менен Тынчтык кең көчөсүнүн кесилишинде асманга карай ок аткан унаанын айдоочусу кармалды. Кармалган жарандын жанынан МР-371 КВ үлгүсүндөгү тапанча табылганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Бүгүн, 5-декабрда саат 13:42де нөөмөт бөлүмгө билдирүү келип түшкөн. Анда белгисиз жаран Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Абсамат Масалиев көчөсүнүн кесилишинде асманга карата ок чыгарып жатканы маалымдалган.

"Жерине Ленин РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып алдын ала маалымат чогулткан. Ага ылайык, саат 13:40 чамасында аталган көчөдөн үлпөт тойдун кортежи өтүп жатканда Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу асманга карата ок чыгарган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында алгач унаа табылып, андан кийин шектүү катары 1996-жылы туулган Д.М. аттуу жаран кармалган. Кылмышка шектелген жарандын жанынан Макаров тапанчасы жана огу жок магазин табылган. Учурда тергөө иштери улантылып, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет маалымат кызматынан.

Бишкектин Түштүк магистралы менен Тынчтык кең көчөсүнүн кесилишинде жеңил унааны айдап бара жаткан айдоочу асманга карай ок атып, андан соң жолун улаган видео интернетке тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Wibee
2019-12-05 20:51:21
Донуздай болуп жаш баланын кылыгын кылат.
+20
Belek1710
2019-12-05 20:53:45
Мееси жокту тыркыйтып тыгып койгула, адамдардын коопсуздугу 1чи орунда болуш керек, билсин!
+14
Muslim.azamatovich
2019-12-05 21:39:28
Бул дагы бир жепжутаттын копкон ба ласы болсо керек,,Кутулуп кетти да уже Эле ,,бир звонок менен
+12
33SUUN
2019-12-05 22:14:21
"Городской" бироода.Буларга боло берет.
+8
aerforce
2019-12-05 22:38:09
Хачиктерди туураган калды эле эми
+8
gulzat85
2019-12-05 23:06:36
Эшек мээ
+9
Azat.1996
2019-12-05 23:35:14
Жылы 1996. Көрүнүшү 1976 го
+10
murat17
2019-12-06 00:38:12
Azat.1996,жеп жутарлардын биринин баласы да оздоруно окшош курсактуу
+6
Ruslan-Gaparov
2019-12-06 01:28:20
Байдын баласы да
+7
Kuba-savai87
2019-12-06 06:53:16
Мынча семиз
+3
aslonur
2019-12-06 08:33:46
Бир аз арык болгондо Азият Жекшеев деп ойлойт элем
+3
Aituwas
2019-12-06 08:55:52
Тыркыйып не мынча семиз .жаш эле экен 96 болсо....бир чиновниктин баласы го.Карапайым адамдын баласы мындай машина минип,тапанча которуп журо албайт....
+4
Lekarstvosvoegomuja
2019-12-06 09:18:55
Информациянын темасы бир окуганга тушунуктуу эмес экен
+3
Jelezo
2019-12-06 11:18:45
Кошунасы кавказдык окшойт.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан