Москвада жарым жылдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан кыргыз аялдын жансыз денеси көмүлгөн жеринен табылды. Маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Ушул жылдын ноябрь айынын соңунда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө К.Т. аттуу Кыргыз жараны кайрылган. Ал Ош облусунун Өзгөн районунун 1961-жылы туулган тургуну К.С. дайынсыз болуп жатканын айтып, өз алдынча издөө иштери жыйынтык бербей жатканын билдирген. Жардам сурап кайрылган жаран изделип жаткан аял апасы экенин айтып, 2019-жылдын апрель айынан тарта байланышка чыкпай, дайынсыз болуп жатканын билдирген. Изделип жаткан аял Москвадагы дүкөндөрдүн биринде пол жуугуч болуп иштеп жүргөн.
Бул кайрылуудан кийин Кыргыз Республикасынын ИИМинин өкүлү тарабынан издөө иштери башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө 28-мартта Москванын Бирюлево районунда 58 жаштагы К.С. аттуу аялдын жансыз денеси табылып, өлүкканага жеткирилгени, андан кийин мамлекеттин эсебинин көмүлгөнү анык болгон. Маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери болгон эмес.
Бул факты боюнча бардык тийиштүү иш-чаралар аткарылып, маркумдун жакындарына сөөктү казып алууга жана "Жүк-200дү" мекенине алып кетүү үчүн тиешелүү документтер берилген. Бирок Орусиянын мыйзамына жана санитардык нормасына ылайык, жансыз денени кайрадан жерге берүү үчүн маркумдун көмүлгөнүнө бир жыл болушу шарт", - деп жазылат маалыматта.