Коррупция жана аткезчиликке каршы күрөшүүдөн мурда тийиштүү органдарда иштеген мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү керектиги айтылды

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңеште “Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” мыйзамды аткаруу боюнча укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын аткарган иши тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган укук коргоо органдарынын, тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Экмат Байбакпаев "айлыктын орточо көрсөткүчү канча?" деген суроо узатты. Ички иштер министрлигинде орточо маяна 12 миң сом, Финполдо 15 миң сом, Бажы кызматында 13 миң сом экендиги жетекчилери тарабынан айтылды.

"Анан ушул акчага кантип адам иштеши керек, кандай үй-бүлөсүн багат? Өздөрү контрабандист болот", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан