Кара-Балтада апасы менен кызынын жансыз денеси өздөрү жашаган батирден табылды. Алардын денесинде эч кандай зомбулуктун изи болгон эмес. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"5-декабрда саат 15:00дө Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балтадагы көп кабаттуу үйлөрдүн батиринен эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркумдардын денесинен зомбулуктун белгисин тапкан эмес.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Каза болгондордун бири 71 жаштагы Л.П. жана анын 40 жаштагы С.П. аттуу кызы болгондугу аныкталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, үй ээсинин жана анын кызынын жансыз денесин маркумдун курбусу аныктап, милицияга кабар берген. Мындан тышкары, батирдин конок бөлмөсүндөгү үстөлдөн кат табылган. Катта алар өмүрүн өздөрү кыйганын, бул окуяга эч кимди күнөөлөөнүн кереги жок экендиги жазылган.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери бул факты боюнча тергөө иштерин жүргүзүп, өлүмдүн так себептерин аныктоонун үстүндө иштеп жатышат. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды", - дешти басма сөз кызматынан.