Интернетте 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланган. Кийин ал унаалардын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууга алынган. Мамкаттоо кызматынан бул маалыматты четке кагып, Алмаз Мамбетов интернетке тараган сүрөттөргө өзү таң калып жатканын билдиришкен эле.
Интернетке тарап кеткен сүрөттөрдүн бирине карата “Алмаз Мамбетов орун басарынын төшүн кармап жатат” деген билдирүү жазылган. Бул боюнча SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева комментарий берди.
"Ал сүрөттө кыздын бети даана көрүнгөн эмес. Өзүм да жакшылап карап көрдүм. Ар кандай маалыматтар кетип жатты. Башка кишинин, менин дагы ысымым аталып жатат. Бул көрүнүштү жаман деп ойлойм.
Биз ар бирибиз эс алуу күндөрү (ред. сүрөттө 1-декабрь экени көрсөтүлгөн, ал жекшемби күнгө туш келет) өзүбүздүн үй-бүлөбүз менен болобуз. Биз мамлекеттик кызматта иштеп жаткандан кийин өзүбүздү кантип алып жүрүүнү, ким менен кандай сүйлөшүү керек экенин жакшы билебиз. Бул кызматта биринчи жылы иштеген жокмун.
Мен үч жылдан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келем. Алмаз Мамбетов менен апрель айында эле чогуу иштешип баштадык. Буга чейин деле мамлекеттик кызматтарда иштегем. Ошондуктан бул сөздөр атайын айтылууда. Интернетте айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул нерсени атайын буйрутма деп айтсак болот. Кызматта иштеп жаткандан кийин үч жылдан бери салымыбыз көп, калыптанып калган нерселерди жок кылганга ар кандай иш-аракеттер жасалат экен.
Мен тууралуу маалыматты жарыялаган сайт эл алдында кечирим сурашы керек. Же болбосо ойлонуп, сот органдарына кайрылабыз. Менин атым аталып жатканын көрүп күлдүм.
Өзүңүздөр көрүп тургандай жакынкы арада мен декретке чыгам. Буга чейин эле декретке чыгышым керек эле, жумуштар көп болуп, дагы 2-3 аптадай иштейм", - дейт Туйбаева.