Учурда Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлүп жаткан "Голос 8" телешоусуна кыргыз ырчысы Нуржигит Субанкулов катышууда. Кечээ кезектеги "Нокауты" деп аталган баскычы көрсөтүлдү. Анда устаттардын ар биринин командасынан 3 аткаруучу ырдап, устаттар купулуна толгон жалгыз шакиртти тандап алышты.
Программада Валерий Сюткиндин шакирти Нуржигит америкалык ырчы Крис Айзектин легендарлуу "Каардуу оюн" («Wicked Game») ырын аткарды. Тилекке каршы, Сюткин мекендешибиздин атаандашы Арсен Мукендини тандап, Нуржигит кетмей болду. Долбоордун шартына ылайык, катышуучуларга дагы бир мүмкүнчүлүк берилип, башка устаттар жаккан ырчыны тандап, долбоордон кетирбей алып калса болот. Нуржигит өз кезегинде баарына ыраазычылык айтып коштошуп жаткан учурда атактуу композитор Константин Меладзе кызыл баскычты басып, Нуржигитти өз карамагына алып калды.
Берүүдөн кийин социалдык тармактарда Нуржигиттин айланасында көп талкуу болду. Көпчүлүк анын үнүнүн тембрине суктанып, "Валерий Сюткин ушундай талантты колунан чыгарды" дешсе, айрымдары "Сюткин кыйын, ал күчтүү шакирттерин кетирбей калсын. Константин Меладзе сактап калышын билген, ошон үчүн Нуржигитти тандаган жок" деген пикирлери менен бөлүшүүдө.