КҮНСОБОЛ: Парламентте мамлекеттик идеология көйгөйү көтөрүлүп, мамлекеттик катчынын институтун кайтаруу керектиги айтылды. Мамлекеттик идеологияны мамлекеттик катчысыз эле жүргүзүүгө болбойбу? Жамалдинов: "Мамлекеттик идеологияны мамлекеттик катчысы жок эле жүргүзсө болот"

Кечээ, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Тотонов идеологиялык иштерди жүргүзө турган, кыргыз элинин маданиятын, менталитетин жакшы түшүнгөн мамлекеттик катчы институтун кайрадан түзүүнү сунуштады. Ал коомчулукта ушундай суроо-талаптар пайда болгонун айтты.

SUPER.KG порталы "Парламентте мамлекеттик идеология көйгөйү көтөрүлүп, мамлекеттик катчынын институтун кайтаруу керектиги айтылды. Мамлекеттик идеологияны мамлекеттик катчысыз эле жүргүзүүгө болбойбу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов мамлекеттик катчысы жок эле мамлекеттик идеологияны жүргүзсө болот деген пикирде.

"Идеология - бул өзүбүздүн салтыбыз, маданиятыбыз, көрүнүктүү инсандарыбыз. Мисалы, Исхак Разаков, Абсамат Масалиев сыяктуу инсандарыбыз элге ак кызмат өтөгөн. Идеологияны бала бакча, мектепте, үйдөн айтыш керек. Бүгүнкү күндө бизде идеология бар. Мамлекеттик идеологияны мамлекеттик катчысы жок эле жүргүзсө болот", - дейт Жамалдинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан