Кечээ, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Тотонов идеологиялык иштерди жүргүзө турган, кыргыз элинин маданиятын, менталитетин жакшы түшүнгөн мамлекеттик катчы институтун кайрадан түзүүнү сунуштады. Ал коомчулукта ушундай суроо-талаптар пайда болгонун айтты.
SUPER.KG порталы "Парламентте мамлекеттик идеология көйгөйү көтөрүлүп, мамлекеттик катчынын институтунун кайтаруу керектиги айтылды. Мамлекеттик идеологияны мамлекеттик катчысыз эле жүргүзүүгө болбойбу?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин пикиринде, мамлекеттик идеология көйгөйүн президент өзү колго алышы керек.
"Мамлекеттик катчы институтун кайтаруу жакшы. Мамлекеттик катчы институтун түзүп койсок эле бизде кырдаал, элдин оюу же идеологиясы өзгөрүп кетет дегенге кошулбайм. Азыркы жаңы заманбап технология, интернет, бардык маалымат каражаттары өнүккөн кезде бул институттун иштешине көзүм жетпейт. Акыркы убактарда болуп жаткан кырдаалдардан кийин президент идеология маселесин өз колуна алат деп ойлойм. Ал өзүнүн алдыңкы жылдарга болгон программасында же ой-пикиринде бир элди бириктире турган идеологияны айтып чыкса жакшы болмок. Кыргыз эли чек арадан баштап экономика, ЕАЭБге киргенде, кечээ жакында болгон кырдаалда башка мамлекеттердин биздин тынчтыгыбызды, суверенитеттүүлүгүбүздү бузганга көз карашы өзгөрүп калганын билип жатабыз. Өлкөнүн келечеги үчүн кыргыз эли биригип, бир идеологияны кармашыбыз зарыл.
Менин жеке оюм боюнча, мамлекеттик катчы институтун кайрадан түзүп эмес, президент өзү колго алып, кыргыз эли бир идеологиянын артына турушубуз зарыл", - дейт Тиллаев.