Окуучулар алган бааларына нааразы болуп мектепти өрттөп жиберишкен

Түштүк Африканын Дурбан шаарында адилетсиз баа алганына нааразы болгон окуучулар мектепти өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

28-ноябрь күнү мектептин окуучулары алган бааларын көрүшкөн. Балдар бааларына канааттанбай, төмөндөтүлүп коюлган деп нааразы болуп, имаратты өрттөп жиберишкен. Өрт өчүрүүчүлөр убагында өрттү өчүрүүгө үлгүрүшкөн. Эч ким жабыр тартпаганы менен имарат жараксыз абалга келген.

Квази Мтхетва Билим берүү улуттук департаментинин өкүлү окуучуларды маселени зомбулук, коомдук имаратты бүлүндүрүү жолу менен чечпөөгө чакырган.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bessmertiy
2019-12-07 14:02:33
Жакшы кылыптыр. Бизге да төмөндөтүп баа коюп бир байдын баласын көтөрмөлөй беришчү.
+24
xnurgul_gul
2019-12-08 02:42:30
bessmertiy,точно бизде дагын ошондой эле окуп жургон кезде. Анткени анча жетишпеген жашоодо жашайт элек,биздин кийимдеримбизге карап баа коюп беришчу
+1
filis
2019-12-07 15:19:28
Билимсиздин жакырчылыктын башаты. Бир гана билимге умтулуу керек. Азыр ар кайсы молдо чалыштарды ээрчибегиле.
-21
Bekturbek
2019-12-07 16:09:22
filis,Сенида мектеп менен кошо өрттөп жиберишсе болмок экен.
+11
Munarbek98
2019-12-08 12:51:09
filis, Ошол динде илим алуу бешиктен кабырга чейин фарз кылынган. Аны сага окшогон атеисттер каяктан тушунмок эле. Маймылдан адам болгонбуз деп журсон.
+1
Islambek123
2019-12-07 16:31:02
Оку умтул сени ким кой деп жатат,качалык экенин комен-ттен эле билинип турат портретин чыгып.
+2
Wibee
2019-12-07 17:47:03
Мектепте эмне күнөө
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан