"Айрым татыксыз судьялардын коррупциялык аракеттери токтобой жатканы тууралуу кайрылуулар келип жатат" деп бүгүн, 9-декабрда Кыргыз сотунун 95 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында, судьялык кызматка кокусунан келип калгандар да жок эмес. "Бүтүндөй сот системинин аброюна көлөкө түшүргөн акыркы фактыларды айтсак болот. Кээ бир судьялар кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар жок эмес. Аларга карата Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын эң катуу чараларын көрүш керек", - дейт президент.