Бүгүн, 9-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Кыргыз сотунун 95 жылдыгына карата иш-чара өттү. Мамлекет башчы сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү акча каражатын бөлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, реформа үчүн материалдык база жакшырууда, бирок реформаны алдыга жылдырайын деген демилге, аракет байкалбайт. Президент соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө экенин айтты.
SUPER.KG порталы "Президент сот реформасы алдыга жылбай жатканын айтты. Сот реформасын ишке ашыруу үчүн эмне аракет жетишпей жатат?" деген собол салды.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова реформанын жүрбөй жатканынын негизги көйгөйү соттордун өздөрүндө экенин айтты.
"Президентибиз реформа жүрбөй жатканынын негизги көйгөйү соттордун өздөрүндө деп айтты. Мен президенттин айтканы менен макулмун. Ошол жагына көп көңүл бурулушу керек. Сотторду тандоо жагына, соттордун жоопкерчилигине көңүл буруу зарыл. Башка шарттар жакшы түзүлүп берилди. Соттордун моралдык сапаттары, кесипкөйлүгү жетишсиз болуп жатат", - дейт Сооронкулова.