Бүгүн, 10-декабрда парламент комитетинде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысынын орун басарларына "дипломатиялык агент" деген макам ыйгарууга багытталган мыйзам долбоору каралды.
Аталган уюмдун мүчөсү болуп саналган Армениянын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилүү менен, ал парламенттик республикага айлангандыктан, өлкөнүн куралдуу күчтөрү премьер-министрге баш ийип калганына байланыштуу келишимдер аркылуу уюмдун уставына бир катар өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун уставына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесине байланыштуу кол коюлган бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда жактырды.