Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынтыгы каралды.
Баяндаманы депутат Тынчтык Шайназаров жасады.
“Август айында орун алган Кой-Таш айылында кырдаалды объективдүү изилдөө максатында өкмөттүн буйругу менен мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Мамлекеттик комиссия өлкөдө мындан ары Кой-Таштагыдай окуяны болтурбоо жана окуяга комплекстүү түрдө баа берүү максатында иш алып барды. УКМКнын, ИИМдин жана башка кызматтын аталган окуяга түздөн-түз катышкан кызматкерлердин маалыматы угулду. Ошондой эле маалымат каражаттарына жарыяланган маалыматтар изилденди. Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина комиссиянын курамы менен жолугуудан баш тартышкан. Ал эми Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов менен жолугайын дегенбиз. Бирок сунуш колдоо тапкан жок. Аларга карата тергөө иштери жүрүп жаткандыктан мүмкүн болгон жок”, - дейт Шайназаров.