Вице-премьер: "Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия УКМКнын жана ИИМдин кызматтагы адамдардын жоопкерчилиги каралсын деген чечим кабыл алды"

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия УКМКнын жана ИИМдин кызматтагы адамдардын жоопкерчилиги каралсын деген чечим кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков журналисттерге билдирди.

Ал журналисттердин "УКМКнын жана ИИМдин жетекчилеринин жоопкерчилиги каралабы?" деген суроого "буюрса" деп жооп берди.

"Комиссияда 18 киши болду. Бардык нерселерди добуш берүү менен чечебиз деп айтканбыз. Кээ бир нерселер добуш менен чечилген. Комиссиянын курамынын бардыгы иштин кызыкчылыгын караган адамдар", - дейт ал.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында бул маселе каралып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан