Депутат "Кумтөр" кенинде жоголгон жарандар тууралуу маселе көтөрдү

Депутат Аида Исмаилова "Кумтөр" кенинде жоголгон жарандар тууралуу маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мурунку аптада биздин эки жараныбыз "Кумтөр" кенинде жер астында калышты. Алар азыркыга чейин табылбай жатат. "Кумтөрдө" иштеп жаткан биздин жарандарыбыз кайрылууда. Кызматкерлер Жогорку Кеңеш, өкмөт да үн катпай жатат деп айтышты. Расмий түрдө өкмөттөн сураныч ушул боюнча кандай иштер жасалып жатат? Кишилер табылабы же табылбайбы? Расмий түрдө отчёт берүүнү суранам", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан