Депутат жасалма унаа номери менен жүргөндөргө карата айып пулдун көлөмүн көбөйтүү керектигин айтты

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азизбек Турсунбаев жасалма унаа номерлери боюнча канча киши айып пул төлөгөнүн сурады.

ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов жыл башынан бери жасалма унаа номери боюнча 801 кишиге тиешелүү протокол түзүлүп, бардыгы айып пул төлөдү. "Алардын унаалары айып унаа токтотуучу жайына коюлат. 10 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөнөт", - дейт Саркулов.

Депутат 10 миң сом айып пул аз экенин билдирди. Ал айып пулдун өлчөмү көбөйтүлбөсө жасалма унаа номерлер менен жүргөндөрдүн саны жогорулай турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан