Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азамат Арапбаев спирт ичимдигин ичип унаа айдаган айдоочуларга айып пулду 10 эсеге көбөйтүүнү сунуштады.
Анын айтымында, айрым мас абалында унаа айдагандар үчүн салынган 17 миң 500 сом айып пул аз болуп сезилет. Айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү керектигин билдирди.
Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов спирт ичимдигин ичип унаа айдагандардын жазасын күчөтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.
Парламентте “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.