Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касымалиева саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жогорку Кеңештин жыйынына келбегенине нааразы болду.
"Саламаттыкты сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча саламаттыкты сактоо министри өзү баяндама жасашы керек болчу. Ал эмнеге жыйынга келген жок?" - деп сурады депутат.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев министр түрк делегация менен жолугушуп жатканын айтты. "Министр түшкө чейин бул жерде болгон", - дейт ал.
Аида Касымалиева өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, министрлер комитетке келишпейт, эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына да келбей калышыптыр деп билдирди.