Өкмөт башчы 2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүүнү тапшырды

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик органды түзүү тапшырмасын койду. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер министрлигинин Санариптешкен командалык борборунда жыйын өттү.

Мухаммедкалый Абылгазиев учурда "Коопсуз шаар" долбоорунун 7 облусу, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 калааны, 73 калктуу пунктту камтый турган негизги этабын ишке ашырууга даярдык көрүлүп жатканын айтты.

"Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири - бул ар бир жарандын эркиндигин, укуктарын жана жеке мүнөздөгү маалыматтарын коргоо. Ошондуктан жеке маалыматтарды мыйзамсыз аракеттерден коргоону камсыз кылуу зарыл. Жарандын макулдугусуз жеке маалыматтарды жайылтуу фактылары болбошу керек. Мен 2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик органды түзүү тапшырмасын коём", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан