Жарандык активист Адил Турдукулов: "Жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча өз алдынча мекеме түзүүнүн кажети жок". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 11-декабрда Ички иштер министрлигинин Санариптешкен командалык борборунда жыйын өттү. Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүүнү тапшырды.

SUPER.KG порталы "Премьер-министр жеке маалыматты коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүүнү тапшырды. Өкмөт жарандардын жеке маалыматын коргой алабы?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча өз алдынча мекеме түзүүнүн кажети жок деген пикирде.

"Конституцияда, башка мыйзамдарда жарандардын жеке маалыматтарын таратууга тыюу салынган. Ошондуктан өзүнчө мекеме же уюм түзүү ашыкча нерсе. Өкмөт өзү мыйзамды сыйлап, адам укугун сактаганга бел байласа, анда өзүнчө бир мекеме түзүүнүн кажети жок", - дейт Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан