Бүгүн, 11-декабрда Ички иштер министрлигинин Санариптешкен командалык борборунда жыйын өттү. Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүүнү тапшырды.
SUPER.KG порталы "Премьер-министр жеке маалыматты коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүүнү тапшырды. Өкмөт жарандардын жеке маалыматын коргой алабы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев өкмөт жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча механизм иштеп чыгышы керектигин билдирди.
"Жарандардын маалыматы чын болсо корголот. Калп болсо кантип корголот? Өкмөт жеке маалыматтарды коргоо боюнча иш алып барып жатабыз деп билдирди. Алар кандайча алып барат, кантип коргойт? Бул нерсенин механизмин иштеп чыгыш керек. Жеке маалыматтар чыгып жатат. Бирок айрым учурда чындыкка жатпаган маалыматтар тарап кетүүдө", - дейт Кожобек Рыспаев.