"Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев Бириккен Араб Эмираттарына фракциянын чечими менен кетти. Бул тууралуу фракциясынын лидеринин орун басары Талант Мамытов билдиргенин парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мындай чечимди фракция кабыл алып, делегациянын курамына Рысалиев кошулган. Себеби БАЭ, Кувейт, Сауд Арбия, Катар жана башка бир катар араб өлкөлөрү менен парламенттер аралык кызматташуу боюнча достук тобунда биздин фракциядан Рысалиев иштеп келет. Андыктан бул жерде таң кала турган эч нерсе жок.
Биринчиден, депутатты анын ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тоскоол боло тургандай же чет өлкөгө чыгууга тыюу салуучу соттун чечими жок. Экинчиден, тергөө органдары дагы анын үй камакка чыгаргандыгы жана анын шарттары боюнча фракцияга эч кандай билдирүү же расмий маалымат берген эмес.
Депутат өз милдетин аткарып жатат. Буга чейин ал Кытай Эл Республикасындагы ооруканалардын биринде даарыланып келген. Анда да тергөө органдарынан чектөө болгон эмес. Рысалиев депутат катары өзүнүн милдеттерин аткарып жатат. Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйындарына катышып эле жүргөн. Фракциянын тапшырмасы менен иш сапарга кетти. Дагы бир жолу айтайын жөнөкөй атуул катары анын үй камагында экени жана анын шарттары тууралуу фракцияга тергөөчүлөрдөн расмий билдирүү келген эмес", - деп жазылат маалыматта.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча үй камагына алынган Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев президент Сооронбай Жээнбеков менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткен. Ал эми ИИМ Рысалиевге дарыланууга уруксат берилгенин билдирген.