Депутат Бекешев Чыңгыз Айтматовдун музейин оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен каражат бөлүп берүү керектигин айтты

Депутат Дастан Бекешев Чыңгыз Айтматовдун музейин оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен каражат бөлүп берүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Анын атын көчөлөргө бердик. Бирок жазуучунун музейине көңүл бурбайбыз. Ал жакка Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев барды. Айтматовдун үй-бүлөсү өз алдынча музейди оңдоп-түзөй албайт. Республикалык бюджеттен акча бөлүп берүүнү сунуштайм", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан