Парламентте медицина тармагындагы жаш кадрларга көңүл бурулбай жатканы айтылды

Депутат Аида Исмаилова медицина тармагындагы жаш кадрларга көңүл бурулбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Алыскы аймактарда дарыгерлер жетишпей келет. Жаш кадрларга жетиштүү көңүл бурулбагандыктан, жаштар башка жакка кетүүгө аргасыз болуп жатат. Тажрыйбалуу эле дарыгерлер да кетишүүдө. Ошондон улам медициналык мекемелердин абалы барган сайын начарлоодо. Акыркы мезгилде медициналык окуу жайлары менен базалык ооруканалардын ортосунда чоң ажырым пайда болуп, жаш кадрларды даярдоо жүрүмүнө кедергесин тийгизип жатат. Мындай жагдай даярдалган кадрлардын кесиптик деңгээлине кесепетин тийгизбей койбойт. Муну эстен чыгарбаш керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан