Депутат Руслан Чойбеков "Кумтөр" кенинде жоголгон жарандарды издөө ишине кошумча күчтөрдү тартуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"11 күндөн бери "Кумтөр" кениндеги урандынын алдында калган эки адамды издөө жумуштары жүрүүдө. Эмнегедир издөө иштери создугуп кетти. Ага кошумча күчтөрдү тартуу зарыл. Жоголгон адамдарды издөө жумуштары өтө татаал жана катаал шартта жүргүзүлүп жатат. Кошуна өлкөлөрдөн да кошумча күчтөр тартылса жакшы болмок", - деди депутат.
1-декабрда эртең менен "Кумтөрдүн" эки кызматкери - бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер "Кумтөрдөгү" жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн.