Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия: "7-8-августтагы окуя болгонго чейин Атамбаевдин үйүндө күнүнө үч жолу тамактануу, күн сайын акча төлөп берүү уюштурулган"

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы каралып жатат. Баяндаманы комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтык Шайназаров жасап жатат.

Анын айтымында, Кой-Ташта күнүнө үч жолу тамактануу, күн сайын акча төлөп берүү уюштурулган. Ал билдиргендей, тамак-аш менен камсыздоого УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев дагы жардам берген. "Маалымат каражаттары 7-8-августтагы окуялар болгонго чейин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн айланасы бекем бетондор менен тосулуп, үйүнүн тегереги тикен зымдар менен курчалганын жазган", - дейт Шайназаров.

29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов комиссиянын төрагасынын орун басары болгон. Ал эми комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан