Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда деп жергиликтүү маалымат каражатына маек берип жатып билдирген. Анын бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып, учурда депутатты сындап жатышат.
SUPER.KG порталы "Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда дейт. Эгемендүү өлкөнүн парламент депутаттарынын мындай маалыматтарды жайылтып жатканы туурабы?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков саясатчылар коомго так маалыматтарды айтышы керек деген пикирде.
"Саясатчы болгондон кийин парламентте болобу, же башка жерде болобу так маалыматтарды айтышы керек. Бир маалыматты божомолдоп айткан болбойт. Мындай сурамжылоо же изилдөө жүргүзбөй туруп, Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда деп айткан туура эмес. Депутаттын минтип айтып жатканы таң калычтуу", - дейт Кадырбеков.