Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев: "Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда деген пикир туура эмес". КҮНСОБОЛ

Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда деп жергиликтүү маалымат каражатына маек берип жатып билдирген. Анын бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып, учурда депутатты сындап жатышат.

SUPER.KG порталы "Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда дейт. Эгемендүү өлкөнүн парламент депутаттарынын мындай маалыматтарды жайылтып жатканы туурабы?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев Акылбек Жапаровдун пикири туура эмес деген оюн билдирди.

"Депутаттын минтип айтканы туура эмес, негиз да жок. Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдобойт. Бизде канча президент, канча депутаттар шайланып жатат. Алар Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн күйбөгөндүктөн, Орусиянын курамына кирүү боюнча ойлогондор да бар. Алар алсыздыктан айтып жатышат.

Акылбек Жапаров азыркы Конституция боюнча элдин өкүлү эмес. Элдин өкүлү болбогондон кийин элдин атынан сүйлөбөй эле койсун", - дейт Мукар Чолпонбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан