Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда деп жергиликтүү маалымат каражатына маек берип жатып билдирген. Анын бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып, учурда депутатты сындап жатышат.
SUPER.KG порталы "Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын 90 пайызы Орусиянын курамына кирүүнү колдогон маанайда дейт. Эгемендүү өлкөнүн парламент депутаттарынын мындай маалыматтарды жайылтып жатканы туурабы?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков депутаттын айтканы туура эмес болуп калды деген пикирде.
"Акылбек Жапаров өзү тажрыйбалуу депутат. Анын минтип айтканы ашыкча болуп калды окшойт. Мындай чоң маселени иликтөө жүргүзүп анан айтыш керек да. Ошон үчүн бул туура эмес. Мындай чоң маселелерди абайлап айтып жүрүш керек. Акылбек Жапаров өзү депутат, илимдин доктору болсо, мындай пикирди айтпаш керек эле. Ал өзү мындан жыйынтык чыгарат деп күтөбүз", - дейт Талгарбеков.