ИИМ: "Кой-Ташта каза болгон спецназ Үсөнбек Ниязбековго Атамбаевге тийиштүү снайпер мылтыгынан ок атылган"

"Кой-Ташта каза болгон спецназ Үсөнбек Ниязбековго "Карабин СВД" үлгүсүндөгү куралдан чыккан ок тийген" деп бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов билдирди.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев "Карабин СВД" үлгүсүндөгү снайпер мылтыгы Алмазбек Атамбаевге таандык экенин айтты.

Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы каралды.

29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов комиссиянын төрагасынын орун басары болгон. Ал эми комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан