Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын корутундусу тууралуу токтом кабыл алынды.
Токтом долбооруна 91 депутат "макул" деп, 2 эл өкүлү "каршы" деп добуш берди. "Каршы" деп добуш бергендер Ирина Карамушкина жана Анвар Артыков.
Мамлекеттик комиссиянын атынан баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров Атамбаевдин тарапташтары Бишкекте митинг уюштуруп, баш аламандык жаратууну каалашкандыгын айтты. "Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары азыркы бийлик башындагылар үй-бүлөлүк бийликти куруп алды деген доомат коюу менен, калкка жаман көрсөтүп, өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу аракетин жасаган деген жыйынтыкка келди. Атамбаевдин тарапташтары Бишкек шаарында митинг уюштуруп, баш аламандык жаратууну каалаган. Бирок укук коргоо органдары түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, саясий кырдаалдын курчушуна жол берген жок", - дейт депутат.