Быйылкы жылдын январь-октябрь айларында экспорт 1563,6 миллион долларды түзүп, 14,1 пайыз жогорулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, экспорттун жогорулашы алтынды сыртка сатуунун көлөмү 1,6 эсе жана тамекинин 2,4 эсе, эт менен эт азыктарынын 2,1 эсе, жер семирткич 1,7 эсе, керамикадан жасалган буюмдар 1,7 эсе, жашылча 1,5 эсе, мөмө жемиш жана жаңгак 39,1 пайыз, цемент 37 пайыз, кен жана баалуу металлдар концентраты 17,6 пайызга көбөйүшү менен шартталды.
2019-жылдын январь-октябрь айларында импорт 4059,1 миллион долларды түзүп, 7,2 пайызга төмөндөдү. Соода балансындагы тартыштык 2495,5 миллион долларды түзүп, 17 пайызга төмөндөдү. Соода балансындагы дефициттин төмөндөшү экспорттун жогорулашы жана импорттун азайышы аркылуу соода балансынын жакшырышы менен шартталды.