Бүгүн, 13-декабрда КСДП фракциясында жолдорду куруу жана калыбына келтирүү үчүн алынган насыялардын пайдаланышынын натыйжалуулугу жөнүндө маселе каралды.
Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов жол тармагынын ишин жакшыртуу, анын ичинде жолдорду калыбына келтирүү, оңдоп-түзөө, бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты.
Депутат Иса Өмүркулов жол курулгандан кийин көп өтпөй эле аларды кайрадан оңдоп-түзөөгө туура келип жатканын айтты. Ал жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруу, жол кура турган компанияларды жалаң четтен жалдай бербей, министрликке караштуу Жол чарба департаменти сындуу ири ишканаларды да колдоно билүү зарылдыгын белгиледи.
Андан сырткары, узундугу 33 чакырымга созулган Ош-Баткен-Исфана жолу 2020-жылы бүткөрүлө турганы белгилүү болду. "Жолдун 20 чакырымына биринчи катмардагы асфальт төшөлдү, эми кышында көпүрөлөр менен жол нугуна шагыл төшөлөт. Долбоор келерки жылы аягына чыгарылып, пайдаланууга берилмекчи", - деди министр.