КҮНСОБОЛ: Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын иш жыйынтыгында укук коргоо, көзөмөл, коопсуздук органдарынын аракеттерине туура баа берилдиби? Турдукулов: "Укук коргоо органдарынын мүчүлүштүктөрү ачык болсо да айтылган жок"

Кечээ, 12-декабрда Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын корутундусу тууралуу токтом кабыл алынды. Мамлекеттик комиссиянын атынан баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Бишкекте митинг уюштуруп, баш аламандык жаратууну каалашкандыгын айтты. Ал "укук коргоо органдары түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, саясий кырдаалдын курчушуна жол берген жок" деп билдирди.

SUPER.KG порталы "Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын иш жыйынтыгында укук коргоо, көзөмөл, коопсуздук органдарынын аракеттерине туура баа берилдиби?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов комиссиянын жыйынтыгында укук коргоо органдарынын мүчүлүштүктөрү ачык болсо да айтылган жок деген пикирде.

"Комиссия түзүлгөндөн баштап эле жарандык коомчулуктун басымдуу бөлүгү шашылыш түрдө жыйналып, саясий баа бергени туура эмес деп айтканбыз. Анткени азыркы учурда кандайдыр бир саясий окуяга баа берүү мүмкүн эмес. Буга убакыт керек, тарых өз баасын берет. Комиссиянын отчётун карап көрдүм. Ал жерге хронология берилип туруп, бүт күнөөнү Атамбаевге жана анын тарапташтарына оодарылган экен. Укук коргоо органдарынын мүчүлүштүктөрү ачык болсо да айтылган жок. Биз башында эле комиссиянын жыйынтыгына ишенбейбиз деп айтып келгенбиз. Комиссиянын жыйынтыгы канааттандырарлык болгон жок. Комиссиянын жыйынтыгы, аны кабыл алган парламент дагы ошону менен өзүнө аброй топтой алган жок жана өз максатына жеткен жок деген ойдомун", - дейт Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан