Кечээ, 12-декабрда Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын корутундусу тууралуу токтом кабыл алынды. Мамлекеттик комиссиянын атынан баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Бишкекте митинг уюштуруп, баш аламандык жаратууну каалашкандыгын айтты. Ал "укук коргоо органдары түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, саясий кырдаалдын курчушуна жол берген жок" деп билдирди.
SUPER.KG порталы "Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын иш жыйынтыгында укук коргоо, көзөмөл, коопсуздук органдарынын аракеттерине туура баа берилдиби?" деген собол салды.
Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мүчөсү Артур Медетбеков укук коргоо органдары 8-август күнү катуу туруштук бергенин айтты.
"Албетте, укук коргоо органдары 8-август күнү катуу туруштук берди. Бишкек шаарынын так ортосуна 2 миңге жакын киши келип алып, баш аламандыкты уюштурганына күбө болдук. Укук коргоо органдары убагында токтотпогондо, ошол күнү чоң тополоң болмок. Көп соодагерлер, ишкерлер мүлктөрүнөн ажырап, өрт чыгып кетмек. Алдына ала каршы күрөшүүдө укук коргоо органдары азаматтыгын көрсөттү. Мыйзамды так аткарганга аракеттерин жасашты. УКМК, ИИМдин жетекчилери мыйзамдын негизинде жооп бериши керектиги айтылды.
Балким комиссиянын корутундусу кээ бир адамдарга жага бербейт. Алар өздөрүнүн пикирин айтышы мүмкүн. Мындай иштер баарынын көңүлүнө жага бериши мүмкүн эмес. Комиссия саясий жана коомдук баа бериши керек. Ал эми юридикалык жактан укуктук бааны прокуратура, сот органдары берет", - дейт Артур Медетбеков.