"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев төрага Дастан Жумабековду кызматынан кетирүү боюнча сунушун фракцияга киргизди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
"Мамлекеттик органдардын аброю жетекчилерден көз каранды. Төраганы алып карап көрсөк. Азыркы учурдагы төрага Дастан Жумабеков бул кызматка даяр эмес экен. Ал жаш, дагы көп нерсени үйрөнүшү керек. Мен анын кызматынан кетиши боюнча фракцияга сунуш киргиздим. Бул талкууланып жатат", - деп жазат Масалиев.
Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп 2017-жылы шайланган.