Райымбек Матраимовдун жактоочусу маалымат жыйын берип, Матраимовдун укугун мыйзам чегинде коргой турганын айтты

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку төрагасы Райымбек Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская бүгүн, 13-декабрда маалымат жыйын өткөрүп: "Биз мыйзам чегинде укугубузду коргойбуз" деп билдирди. Буга чейин Матраимов "Азаттык", "Клооп" жана "24.kg" медиаресурстарынын жана журналист Али Токтакуновдун үстүнөн арыз жазган болчу.

"Арыз 14 бөлүктөн турат. Азыр мен бул жерде доо арыздын баарын айтып бере албайм, ал узак убакытты алат. Каалоочулар соттук уктуруулар башталганда, келип таанышса болот. Арызда жазылган нерселерди да далилдейин деп маалымат жыйын берип жаткан жокмун. Аны мен сотто далилдейм. Азыр мен "биз укугубузду мыйзам чегинде коргойбуз" деп айтам. Анткени Матраимовдорду коррупциянын символу катары көрсөтүп жатышат. Бул үчүн далилдүү фактылар керек болчу. Бир кагаздын негизинде эле тилекке каршы, көзү өткөн адамдын көрсөтмөсү менен адамды оор кылмышкер кылган туура эмес. "Азаттыктын" биринчи иликтөөсү чыкканда, биз документтерди суратканбыз, бирок колубузга бир да документ тийген жок", - деди жактоочу.

Буга чейин "Азаттыкка" 22 миллион 500 миң сом, “Kloop” сайтына 12 миллион 500 миң сом, ал эми "24.kg" сайтына 15 миллион сом, Али Токтакуновго 10 миллион сомдук доо коюлганы маалымдалган. Ошол эле учурда аталган басылмалардын эсептери камакка алынган болчу.

Бүгүн журналисттерге жогоруда аты аталган ЖМКлардын камакка алынган эсептери кайра бошотулганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу жактоочуга журналисттер: "силер бир түндүн ичинде мындай кадам жалпыга маалымдоо каражаттарына карата басым экенин түшүнүп, бүгүн кайра оюңарды өзгөрттүңөрбү?" деген суроону узатышты. Буга жактоочу: "Бул мен кызыкчылыгын коргоп жаткан адамдын чечими болду. Мен азыр журналисттер менен талашып-тартышкым келбейт. Бардык нерсе сотто айтылат", - деп маалымат жыйынды жыйынтыктады.

Матраимовдун жактоочусу: "Сабырдын дагы аягы болот"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан