Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-декабрда эки Ыйык Мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен расмий визит менен Сауд Арабияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Расмий визиттин алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд жана Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх менен жолугушат.
Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланат.
Мындан тышкары, Сауд Өнүктүрүү Фондусунун Директорлор кеңеши жана Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн жолугушуулар пландалган. Президент Сооронбай Жээнбеков визиттин алкагында Сауд Арабиясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттарынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышат жана мекендештер менен жолугушат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия падышалыгындагы элчиси Абдулатиф Жумабаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Бакыт Төрөбаев, Акылбек Жапаров, Искандер Гаипкулов, Курманкул Зулушев, Төрөбай Зулпукаров, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, экономика министри Санжар Муканбетов жана айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бар.
11-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына барып, 12-13-декабрь күндөрү аталган өлкөнүн бийлик өкүлдөрү менен жолугушкан.