Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги каралат. Бекназаров журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып жатат

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси кызматына талапкерлигин карайт.

Бекназаров журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, "жок" деген сөздөн башка эч нерсе айткан жок.

Буга чейин Бекназаров ага элчилик кызматка сунуштар түшүп жатканын, бирок чечим чыгара электигин айткан болчу. Саясатчы Азимбек Бекназаров президент ага Түркияга, Азербайжанга, Малайзияга элчи болуп барууну сунуш кылганын белгилеген.

Эске салсак, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси болуп турган Кылычбек Султан Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршылык иретинде отставкага кетүү тууралуу арызын жазган.

Бекназаров журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан