Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги жактырылды.
Ал "Элдик курултай" кыймылы көтөргөн маселелер Жогорку Кеңеште каралып баштаганын журналисттерге билдирди. "Президент мага кызматтарды сунуштаганда, арасында Малайзия элчиси кызматы дагы бар болчу. Мен ойлонуп көрөйүн деп айткам. Өзүмдүн кылып жаткан иштерим бар. Курултай мыйзамын киргизүү, референдум дайындоо боюнча мыйзамдар каралсын деген сунуштарым бар болчу. Курултай жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңешке биринчи окууга киргени жатат. Референдум боюнча жумушчу топ түзүлдү. Мындайча айтканда биз көтөргөн маселе Жогорку Кеңеште карала баштады. 8-февралда курултай өткөрөбүз. Былтыркы курултайдан берки отчётубузду беребиз. Азыркы президенттин ишине баа берилет. Кылып жаткан ишибиздин аягына чыгабыз", - дейт Бекназаров.