Азимбек Бекназаров: "Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси кызматына барганда, биринчи ишим малай тилин үйрөнүү болот"

"Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси кызматына барганда, биринчи ишим малай тилин үйрөнүү болот", - деп бүгүн, 17-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаров журналисттерге билдирди.

Ал бир айдын ичинде малай тилинин 200 сөзүн үйрөнө турганын айтты. Ошондой эле ал элчилик кызматка баратканын саясий соодалашуу эмес экенин билдирди. "Мен өмүрүмдө саясий соодалашкан эмесмин. Мен аракеттеги адаммын", - дейт Бекназаров.

Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги жактырылды.

Эске салсак, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси болуп турган Кылычбек Султан Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршылык иретинде отставкага кетүү тууралуу арызын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан