КҮНСОБОЛ: Финансы министри Сауд Арабияга барган иш сапарга хиджаб кийгендиги үчүн сынга кабылды. Кыргыздын өзүнүн улуттук кийими ошол өлкөнүн талабына жооп бербейт беле? Исмаилова: "Сауд Арабия кандай талап кыларын билбей туруп, сындабашыбыз керек"

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын Сауд Арабиядагы расмий сапарга хиджаб кийип барганы социалдык тармактарда кызуу талкууланды. Мындан улам Финансы министрлиги Сауд Арабиясында аялдарга дене-мүчөсүн, чачын жапкан абайя стилиндеги көйнөк кийүү талабы бар экенин эскертип, билдирүү таратты. Билдирүүдө министр дипломаттык этикетти сактап, кабыл алуучу тараптын диний өзгөчөлүктөрүнө, салт-санаасына, маданиятына сый менен карай турганы жазылды.

SUPER.KG порталы "Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Сауд Арабияга барган расмий иш сапарга кара түстөгү хиджаб кийгени үчүн сынга кабылды. Кыргыздын өзүнүн улуттук кийими ошол өлкөнүн дресс-код талабына жооп бербейт беле?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Сауд Арабия тарап кандай талап кылганын билбей туруп, финансы министрин сындаган туура эмес деген пикирде.

"Ооба кыргыздын өзүнүн улуттук кийими бар. Балким протокол боюнча башка кийим кийгенге болбойт. Анткени Сауд Арабияда аялдар жоолук салынып, жабык кийим кийип жүрүшөт. Биз билбейбиз да, мүмкүн бул протоколдун талабы ушундай. Бул расмий түрдө барган делегация. Жээнбаеванын максаты финансылык тармакта болгон келишимдерге кол коюу. Кыргызча кийим кийип барганда, балким, протоколго туура келбей калмак. Ошондуктан биз аны билбей жатып, сынаганыбыз болбойт. Эл аралык мамилелер өзгөчө мамиле болуп эсептелет. Кайсы өлкөдө кандай жүрүү боюнча талапты кабыл алуучу тарап коёт. Сауд Арабия кандай талап кыларын билбей туруп, сындабашыбыз керек", - дейт Аида Исмаилова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан