Президент Сооронбай Жээнбеков 15-декабрда Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу боюнча расмий иш сапары менен Сауд Арабияга учуп кеткен. 16-декабрда болсо Сауд Арабиясынын падышасы менен жолугушту. Бүгүн, 17-декабрда президенттин мамлекеттик иш сапарынын алкагында, Сооронбай Жээнбековдун кичи умрага бара жаткандагы видеосу тарады. Анда көптөгөн тартип сакчылардын кайтаруусунда сыйынууга бара жаткандардын арасынан өлкө башчысын да көрүүгө болот.
2014-жылы да ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабиядагы расмий иш сапарынын алкагында, кичи ажылык зыяратын аткарган.