Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын Сауд Арабиядагы расмий сапарга хиджаб кийип барганы социалдык тармактарда кызуу талкууланды. Мындан улам Финансы министрлиги Сауд Арабиясында аялдарга дене-мүчөсүн, чачын жапкан абайя стилиндеги көйнөк кийүү талабы бар экенин эскертип, билдирүү таратты. Билдирүүдө министр дипломаттык этикетти сактап, кабыл алуучу тараптын диний өзгөчөлүктөрүнө, салт-санаасына, маданиятына сый менен карай турганы жазылды.
SUPER.KG порталы "Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Сауд Арабияга барган расмий иш сапарга кара түстөгү хиджаб кийгени үчүн сынга кабылды. Кыргыздын өзүнүн улуттук кийими ошол өлкөнүн дресс-код талабына жооп бербейт беле?" деген собол салды.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова башка өлкөнүн делегациясы Кыргыз мамлекетине өздөрүнүн улуттук кийимдери менен келишип жатканын белгиледи.
"Жогорку деңгээлдеги сапарларды Тышкы иштер министрлиги, дипломатиялык корпустар даярдайт. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Кандай транспорт менен барат, кандай тамак-аш ичишет, коопсуздук кандай каралат, жолугушуу кайсы жерлерде болот, кандай кийимчен деп сөзсүз сүйлөшүлүшү керек. Эгерде буга чейин сүйлөшүлбөгөн болсо, биздин дипломатиялык корпустун чоң кемчилиги. Бизге ар кайсы өлкөдөн делегация келип жатат. Алар өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийип келишет. Финансы министри алдын ала сүйлөшүү болуп, макулдашылып хиджаб кийип бардыбы же кокусунан кийинип калдыбы билбейм. Биз башка өлкөдөн делегация келгенде элечектерди, чапандарды кийгиле деп айтпайбыз да. Кыргыз өлкөсү светтик, көз карандысыз өлкө болгондон кийин алар да бизге айтпашы керек. Бул жолугушууну даярдагандар кандай сүйлөшүү жүргүзгөнүн билбейм", - дейт Абдирасулова.