Ырчы Минюра Рахимжанованын “Жаз деми” аттуу жаңы клиби жарык көрдү. Аталган ырдын сөзү Калича Жакыповага, обону Жамиля Муратовага таандык. Ырчынын айтымында, клип жаз-жай мезгилдеринин кооздугун чагылдырат. “Ырдын атында айтылгандай, жаз мезгили адамдарга өзгөчө дем тартуулап, элдин маанайы дайыма ачык болуусу керек”,- дейт Минюра. Клип үчүн атайын костюм тигилгенин кошумчалады ырчы.