Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда өкмөт башчыга бажы органдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бажы жол-жоболорун модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүн жана премьер-министрдин иш бөлмөсүндө иштей баштаган маалымат мониторундагы маалыматтарды колдонуу аркылуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылууга байланыштуу маселелер талкууланды.
«Бажынын натыйжалуу жана ачык иши мамлекеттик бюджетти туруктуу толтуруу үчүн гана эмес, өлкөдө жагымдуу инвестициялык жана ишкердик климатты түзүү үчүн өтө маанилүү. Тилекке каршы, ондогон жылдар ичинде коомдо бажы кызматкеринин терс образы калыптанып калды. Жетекчилерди жана кызматкерлерди алмаштыруу менен бажы кызматынын ишине жарандардын ишенимин арттырууга болбойт. Көпчүлүк учурда буга иштөө механизмдеринин начардыгы жана ачыктыктын жоктугу себеп болгон. Мындай кырдаалды чечкиндүү жана ырааттуу аракеттер менен гана оңдоо мүмкүн. Бул оңой эмес жана көп эмгекти талап кылган процесс. Кытай менен чек арадагы өткөрмө жайларда ишке берилген инспектордук тыкыр көзөмөлдөө комплекстери сыяктуу башка тилкелерди дагы заманбап техника менен жабдууга тийишпиз. Бардыгына түшүнүктүү, ачык-айкын жана жеткиликтүү система болушу керек. Бул системалар реалдуу убакыт режиминде бажы ишине көз салууга шарт түзөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Жолугушуунун соңунда премьер-министр бардык бажы түйүндөрүндө, анын ичинде бажылык тариздөө жайларында ачык-айкын маалыматтык системдерди киргизүү боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды. Мухаммедкалый Абылгазиев бажы төлөмдөрүн өз учурунда жана толук көлөмдө түшүүсүн жана алардын көлөмүнүн өсүү тенденциясын мындан ары да сактоону камсыз кылууга байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди.
Эске салсак, 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 7 миллиард 500 миллион сомго көбөйүп, 41,7 миллиард сомду түзгөн. 2019-жылы Бажы кызматынын алдына 7 миллиард сомдон кем эмес бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздоо милдети коюлган.