Сөз эркиндиги боюнча Кыргыз өлкөсү 180 мамлекеттин ичинен 83-орунда. Бул тууралуу Эл аралык “Чек арасыз репортёрлор” укук коргоочу уюму Сөз эркиндигинин индексин (2019 World Press Freedom Index) жарыялады. 2018-жылы Кыргыз өлкөсү сөз эркиндиги боюнча 98-орунду ээлеген болчу.
Учурдагы рейтингге ылайык, сөз эркиндиги боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн алдыңкы сабына Норвегия, Финляндия жана Швеция чыккан.
Коңшу Өзбекстан 160-орунда болсо, Тажикстан 161-сапта турат. Казакстан 158, ал эми Орусия 149-орунду ээлеген.
Сөз эркиндиги боюнча төмөн көрсөткүчтө деп уюм Түркмөнстанды атаган. Ал 180-сапка түшкөн. Анын алдында Түндүк Корея турат.
Буга чейин, 14-декабрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкөдөгү сөз эркиндигине эч кандай чектөө жок экендигин билдирген. Бул билдирүү ЕККУнун ЖМКлар боюнча өкүлү Арлем Дезирдин Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндигине байланыштуу бир тараптуу жана чыныгы кырдаалды чагылдырбайт деген комментарийи боюнча жарыяланган. Буга министрлик толугу менен макул эместигин айтуу менен анын билдирүүсүн Кыргыз өлкөсүндөгү соттук бийликке таасир кылуу аракети иретинде карап жатканы таратылган маалыматта жазылган.
Ошондой эле өңүттө Тышкы иштер министрлиги АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин комментарийине жооп кайтарган. "Бул маалыматты чындыкка дал келбеген, эгемендүү өлкөнүн ички ишине кийлигишүү жана соттук бийликке кысым көрсөтүү аракети деп баалайбыз. Ошондой эле АКШнын Өкүлдөр палатасынын комитетине маалымат булагын кылдаттык менен талдоону, алынган маалыматты бир канча ирет текшерүүнү сунуш кылабыз", - деп жазылат министрлик тараткан маалыматта.